Европа Биримдигинин (ЕБ) Украинага карата келерки жыл үчүн жардамдары кандай болот?

ЕБ комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, президент Урсула фон дер Ляйен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1902872
Европа Биримдигинин (ЕБ) Украинага карата келерки жыл үчүн жардамдары кандай болот?

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясы Украинага келерки жылы айына 1,5 миллиард евро өлчөмүндөгү жардам пакетин сунуштайт.

ЕБ комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, президент Урсула фон дер Ляйен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Фон дер Ляйен ушул аптада Зеленскийге 2023-жылга каржы пакетин сунуштай турганын, ал айына 1,5 миллиард еврону жана жалпысынан 18 миллиард еврону түзөрүн билдирди.

Евробиримдиктин каржы пакетинин башка ири донорлордон да ушундай жардам менен колдоого алынышы керектигине көңүл бурган Фон дер Ляйен ЕБ Украинага өзгөчө кыш айларында шашылыш гуманитардык жардам берүүнү улантуу аракетин улантып жатканын билдирди.

Украинанын айыл чарба экспортунун дүйнөгө жетүүсүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген сүйлөшүүдө бул контекстте Кара деңиз дан демилгеси боюнча Орусия менен макулдашууга жетишүү аракеттерине толук колдоо көрсөтүлдү.

Сүйлөшүүдө Москвага каршы санкцияларды күчөтүү, ошондой эле Ирандын Орусияга колдоосуна жооп берүү маселелери да талкууланды.



Тектеш кабарлар