БАЭ Нигерияга карата каттамдарын токтотту

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы июнь айында Нигерияда иштеген эл аралык аба жолдорунан түшкөн 450 миллион доллар кирешеси кармалып калгандыгын билдирди.

1902113
БАЭ Нигерияга карата каттамдарын токтотту

Бириккен Араб Эмираттарына таандык Эмират аба жолдору Нигерияга карата каттамдарын валютадагы кризистен улам кайрадан токтоткондугун билдирди.

Эмират аба жолдорунун коомчулук менен байланыштар боюнча менеджери Рула Тадросон жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эмираттын Нигериядан түшкөн кирешесине бөгөт коюлганын, ошондуктан каражатын БАЭге кайра жөнөтө албаганын айтты.

Тадросон Эмираттын каражатын алуу үчүн Нигерия өкмөтү менен Нигериянын Борбордук банкына (CBN) абал тууралуу мурда да кабарлаганын, бирок оң жооп ала албаганын белгилеп : «Бул шарттар алдында Эмираттын кийинки мезгилдерде дагы көп чыгым тартышын алдын алуу үчүн 2022 -жылдын 29 -октябрынан тарта Нигерияга жана Нигериядан каттамдарды токтотуудан башка жолу калган жок»,- деди.

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы июнь айында Нигерияда иштеген эл аралык аба жолдорунан түшкөн 450 миллион доллар кирешеси кармалып калгандыгын билдирди.

Эмират валютадагы кыйынчылыктардан улам сентябрь айында өлкөнүн соода шаары Лагос менен борбор Абуджадан каттамдарын убактылуу токтоткон.

Африканын калкы эң көп өлкөсү Нигерия импорт үчүн жана доллардын тартыштыгынан улам жана кирешесин өлкөлөрүнө кайтарууну көздөгөн инвесторлор үчүн чет элдик валютага кирүүнү чектеди.

Нигерия чет элдик валютанын 90 пайызга жакынын мунайдан алат, бирок түтүктөрдү уурдоодон улам жана көп жылдык инвестициянын аздыгынан өндүрүштө кыйналууда.



Тектеш кабарлар