Запорожье атомдук станциясынын электр жарыгы өчтү
Энергоатом, Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.
1901496
Украина, Орусиянын чабуулдары жогорку чыңалуудагы линияларга зыян келтиргенден кийин Запорожье атомдук станциясынын электр энергиясынын өчкөнүн билдирди.
Украинанын мамлекеттик атомдук энергетика агенттиги Энергоатом, Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө станциянын калган жогорку чыңалуудагы линиялары Орусиянын чабуулдарынан улам жабыркап, дизелдик генераторлор гана иштеп жатканы айтылды.
Генераторлордун иштеши үчүн 15 күндүк күйүүчү май бар экени кабарланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.