Белизде бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү коркунучу боюнча эскертүү берилди.

1901519
Белизде бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Борбордук Америка өлкөсү Белизде "Лиза" бороону тропикалык бороон-чапкынга айланып, ички аймактарга жылышынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Ураган борбору, «Лиза» бороонунун чордону өлкөнүн эң чоң шаары Белиздин 95 чакырым батышы экенин жана бороондун саатына 19 чакырым ылдамдык менен батышты көздөй бара жатканын билдирди.

Катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү коркунучу боюнча борбордон эскертүү берилди.

Өлкөдө бороон-чапкындын себебинен өзгөчө кырдаал жарыяланды.

"Лиза" бороонунун Белизден кийин Гватемаланын түндүгүн кесип өтүп басаңдашы жана бүгүн Мексиканын түштүк-чыгышына карай жылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар