Ооганстанда жолдон унаа өткөндө мина жардырылды
Кабул полициясынын басма сөз катчысы Халид Задран:«Унаадагы жардыруудан сегиз киши жаракат алды»,-деди.
1901111
Ооганстандын борбору Кабулда жол жээгине коюлган миналардын жарылуусунан сегиз киши жаракат алды.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:30 чамасында Кабулдун бешинчи районундагы Сило көчөсүнө коюлган миналар Айылды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлерин ташыган унаа өтүп бара жатканда жардырылды.
Кабул полициясынын басма сөз катчысы Халид Задран:«Унаадагы жардыруудан сегиз киши жаракат алды»,-деди.
Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди, кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.