«Иран кол салууга даярданып жатат» деген айтымдар тарады

Американын алдыңкы гезиттеринен Wall Street Journal гезитине маалымат берген АКШ жана саудиялык жооптуулардын билдирүүлөрүнөн...

1900801
«Иран кол салууга даярданып жатат» деген айтымдар тарады

Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ирандын жакынкы келечекте Сауд Арабия жана Иракка кол салууга даярданышы мүмкүн деген чалгындоодон улам кооптуу абалга келгени айтылды.

Американын алдыңкы гезиттеринен Wall Street Journal гезитине маалымат берген АКШ жана саудиялык жооптуулар Ирандын өлкө ичиндеги нааразылык акцияларынан көңүл буруу үчүн жакын арада Сауд Арабия жана Ирактын Эрбил шаарындагы кээ бир буталарга кол салышы мүмкүн экенин белгилешти.

Сауд Арабиянын бул чалгындоо маалыматын АКШ жооптуулары менен бөлүшкөнүнө көңүл бурулган кабарда эки өлкөнүн жана башка кээ бир өлкөнүн армиясынын даярдыкта болгону билдирилди.



Тектеш кабарлар