Зеленский : "Россия Украинаны жок кыла албайт"

Зеленский түнү Telegram баракчасынан 24 - февралдан бери өлкөсүндө Россияга каршы жүрүп жаткан согушка байланыштуу окуяларга баа берген видео жарыялады.

1900467
Зеленский : "Россия Украинаны жок кыла албайт"

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия Федерациясынын Украинаны басып алууга күчү жетпей турганын айтты.

Зеленский түнү Telegram баракчасынан 24 - февралдан бери өлкөсүндө Россияга каршы жүрүп жаткан согушка байланыштуу окуяларга баа берген видео жарыялады.

Орус күчтөрүнүн кечээ эртең менен Украинанын ар кайсы аймактарына ракеталык чабуулдарды жасаганын белгилеген Зеленский террористтер ири кол салуу үчүн 55 канаттуу ракета колдонгонун, анын 45нин жок кылынганын айтты. Ошондой эле орус күчтөрүнүн Украинанын ар кайсы аймактарындагы энергетикалык инфраструктураларды бутага алганын айтып : «Биз энергетика жана суу менен камсыз кылууну калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз жана жасай беребиз», - деди.

Украинанын коргонуу күчтөрүнүн ийгиликтүү иштеп жатканына көңүл бурган Зеленский, Россия Украинадагы бутаны атуу үчүн  мурункуга караганда дагы көп ракета коротушу керектигин белгиледи.

Россиянын Украинаны "жок кылууга" күчү жетпей турганын айткан Зеленский : "Орус террористтердин Украинанын жашоо  эркин жок кыла турган ракеталары жок. Маданияттуу жашап, бири - бириңерге кам көргүлө. Армия менен да террор менен да жана башка эч нерсе менен Россия Украинанын жок кыла алабайт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар