Путин, Алиев, Пашинян жолугушуусу

Жолугушууда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык келишиминин негизин түзө турган документке кол коюу маселеси талкууланды.

1900146
Путин, Алиев, Пашинян жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Сочиде жолугушту.

Жолугушууда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык келишиминин негизин түзө турган документке кол коюу маселеси талкууланды.

Путин жолугушуунун абдан пайдалуу болгонун жана келечектеги келишимдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөнүн айтты. Орус лидери : «Ачыгын айтышым керек, биз бардыгын тастыктай алган жокпуз, эксперттик деңгээлде иштелип чыккан алдын ала долбоордон кээ бир нерселерди алып салууга туура келди. Ошентсе да бул кадам жалпы кырдаалды жөнгө салууга багытталган жаңы аракеттерге шарт түзөт»,- деди. 

Үч тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды. 

Аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюга карата активдүү даярдыктын  маанисине басым жасалган билдирүүдө өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү улантуу боюнча  макулдашылганы белгиленди. Билдирүүдө  Алиев менен Пашиняндын  Россиянын Түштүк Кавказияда туруктуулук жана бейпилдиктин түзүлүшүнө, карым  - катнаштардын калыбына келишине салым кошууга даяр болушунан  улам ыраазы экендиги белгиленди. 

Лидерлердин Сочидеги жолугушуусуна катарлаш Россия, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров, Жейхун Байрамов жана Арарат Мирзоян да үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.



Тектеш кабарлар