Орусияда Википедияга айып пул салынды

Доо арыз борбор шаар Москвадагы Таганский сотунда каралды.

1900599
Орусияда Википедияга айып пул салынды

Орусияда бир сот Wikimedia Foundation платформасынын ээсине Wikipediaдагы жасалма маалыматты өчүрбөгөнү үчүн 2 миллион рубль айып пул салды.

Орусиянын маалымат технологиялары жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө боюнча федералдык агенттигинин (Роскомнадзор) Wikimedia Foundationго каршы доо арызы борбор шаар Москвадагы Таганский сотунда каралды.

Орус армиясы тууралуу Википедиядагы жалган маалыматты өчүргөн жок деген жүйө менен мыйзамдын сакталбаганына өкүм чыгарган сот, Wikimedia Foundationго 2 миллион рубль айып пул салды.

Википедияга буга чейин ушул сыяктуу себептер менен 5 миллион рубль айып пул салынган.


Этикеткалар: #Таганский сотунда

Тектеш кабарлар