Норвегия аскердик даярдыгын күчөттү

Россия менен Украинанын ортосундагы согуш улантылып, Норвегиянын аскердик даярдыктарын күчөткөндүгү жарыяланды.

1900175
Норвегия аскердик даярдыгын күчөттү

Россия менен Украинанын ортосунда 24 - февралда башталган согуш улантылып,  Норвегиянын аскердик даярдыктарын күчөткөндүгү билдирилди.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор :  "Россиянын Норвегияга же башка өлкөгө түз басып кирүүгө ниеттенип жатат деп айтууга эч кандай негиз жок",- деди.  

Бирок Норвегиянын аскердик даярдыктарын арттырганын белгилеген Стор, Россия менен Украинанын ортосундагы согуштан мурда  өлкөсүнүн аскердик даярдык деңгээлин жогорулатканын белгиледи.

Стор акыркы мезгилде даярдыктардын күчөтүлүшүнө себеп боло турган абалдын болбогондугун айтып : "Бирок дагы сергек болушубуз керек",- деди. 

Коргоо министри Бьорн Арилд Грам бул маселенин купуя экенин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.

Россия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Норвегия Россиянын чалгындоо иштери боюнча этияттыкка өттү. Норвегиянын Түндүк уюлунда Россия менен 198 километрдик чек арасы бар. 

 

 

 



Тектеш кабарлар