Филиппиндерде "Нальгае" тайфуну

Тайфунда каза болгондордун саны 132ге жетти.

1900512
Филиппиндерде "Нальгае" тайфуну

Филиппинде болгон  «Нальгае» тайфунунда каза болгондордун саны 132ге жетти. 

Улуттук апаат жана коркунучтарды азайтуу жана башкаруу  борборунан берилген  билдирүүдө, болжол менен 2,5 миллион кишинин "Налгае" тропикалык бороонунан жабыр тартканы жана 866 миң кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгону билдирилди. Билдирүүдө кеминде 132 адам каза болгон апаатта 100дөн ашуун кишинин жаракат алганы, 33 кишинин  дайынсыз экендиги белгиленди.

Филиппиндин президенти Кенже Фердинанд Маркос кырсыктан улам эң көп адам өмүрү кыйылган Магинданао шаарында абадан иликтөө жүргүздү. Маркос жер көчкү болгон аймактагы тоолордо бак-дарактардын жок экенин жана кырсыктын ушул себептен болгонун, жардам пакеттеринин кырсыктан жабыркаган аймактардагы элге тез арада таратыла турганын айтты.

 Жылдын аягына чейин болушу мүмкүн болгон тропикалык бороонго каршыжетекчилердин  чара көрүшүн каалаган Маркос: «Дарактар ​​ кыйылып жатат, биз муну көптөгөн жолу угуп жатабыз,  андан кийин да   жер көчкүлөр болууда», - деди.

Маниладагы Ниной Акино эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу 100дөн ашуун каттам токтотулду.

Жыл сайын орто эсеп менен 20 бороон жана тайфун болгон Филиппинде 2013 - жылы болгон "Хайян" тайфунунан 6 миңден ашуун адам каза болуп, чоң кыйроолорго учураган.

 



Тектеш кабарлар