АКШда куралдуу кол салуу болду

АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында куралдын үндөрү угулду.

1900308
АКШда куралдуу кол салуу болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Чикаго шаарында Хэллоуин майрамына чогулган элге шектүү унаадан ок атылып, 14 киши жараланды.

АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында куралдын үндөрү угулду.

Кечээ кечинде Хэллоуин майрамына катышкан элге шектүү унаадан туш келди ок атылды.

Полициянын кол салууга байланыштуу билдирүүсүндө, экөөсү бала 14 кишинин жараланганы белгиленди.

Чикагонун полиция департаментинин басма сөз катчысы Дэвид Браун, айрым жаралуулардын өмүрү коркунучта экенин жана дарылоонун уланып жатканын билдирди.

Браун ошондой эле алдын ала тергөөгө караганда унаада 2 кишинин болушу мүмкүн экенин кабарлады. 



Тектеш кабарлар