ПКК/ЙПГ Афринге кол салды
Кол салууда бир жаран каза болду.
Сирияда Тель Рыфаттагы ПКК/ЙПГ террордук уюмунун Африндеги брикет үйлөргө кол салуусунда бир жаран каза болду.
Түркия чек арасына 18 километр алыстыктагы Тель Рыфат районун 6 жылдан бери кармап турган ПКК/ЙПГ террордук уюму жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.
Тель Рыфатта уялаган ПКК/ЙПГ террордук уюмунун террорсттери Африндин түндүк - чыгышында жерлернен кеткен жарандар баш калкалаган брикет үйлөргө ракета менен кол салды.
Террордук кол салуунун натыйжасында бир жаран каза болуп, бир жаран жаракат алды. Кол салууда эки брикет үй кулап, аймактагы жарандар урандыларды тазалоо ишин баштады.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.