Путин : «Атомдук курал бар болуп турганда ар дайым аны колдонуу коркунучу бар»

Владимир Путин борбор шаар Москвада Эл аралык Валдай  талкуу клубу өткөргөн отурумга катышып күн тартибиндеги темаларга байланыштуу маалымат берди.

1898750
Путин : «Атомдук курал бар болуп турганда ар дайым аны колдонуу коркунучу бар»

Россиянын президенти Владимир Путин : «Атомдук курал бар болуп турганда ар дайым аны колдонуу коркунучу бар»,- деди.

Владимир Путин борбор шаар Москвада Эл аралык Валдай  талкуу клубу өткөргөн отурумга катышып күн тартибиндеги темаларга байланыштуу маалымат берди.

Акыркы күндөрдө коомчулукта талкууланган атомдук согуштун башталып же башталбай тургандыгына байланыштуу суроого : «Атомдук курал бар болуп турганда аны колдонуу коркунучу ар дайым болот. Бүгүнкү күндүн атомдук  коркутуулары жана атомдук курал колдонуу ыктымалы боюнча чыр  - чатактын максаты примитивдүү»,- деп жооп берди.

Батыштын дос жана тарапсыз мамлекеттерди Россияга каршы турууга көндүрүү үчүн кошумча аргументтерди издеп жаткандыгын, Россияны «коркунучтуу өлкө» катары көрсөтүү аракеттери экендигин айткан Путин Киев пайда кылган «уулуу бомба» тууралуу атайын кызматтардын маалыматтарын коомчулукка  жөндөн жөн билдиришпегендерин айтты.

Уулуу бомбанын кайда жасалгандыгын билишкендерин, Украинадагы технологиялардын мунун жасалышына мүмкүнчүлүк бергендигин айткан Путин Точка  -  У ракетасына же башка бир ракетага атомдук бомба жүктөлөрүн, атомдук кол салуу менен Россиянын күнөөлөнөрүн айтты.

Владимир Путин : «Украинага карата атомдук кол салууга муктаж эмеспиз. Мунун саясий да аскердик да мааниси жок»,- деди.



Тектеш кабарлар