Шольц Чыгыш Жер Ортолук деңизинен бардык тараптардын пайда көрүшү керектигин айтты

Расмий сапар менен Грециянын борбор шаары Афинага барган Шольц кесиптеши Кириакос Мицотакис менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1898730
Шольц Чыгыш Жер Ортолук деңизинен бардык тараптардын пайда көрүшү керектигин айтты

Германиянын канцлери Олаф Шольц Чыгыш Жер Ортолук деңизинин мүмкүнчүлүктөргө толгон аймак экенин жана бардык тараптардын андан пайда көрүшү керектигин айтты.

Расмий сапар менен Грециянын борбор шаары Афинага барган Шольц кесиптеши Кириакос Мицотакис менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Шольц жолугушууда Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасынын да сүйлөшүлгөнүн белгилеп: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз өзгөчө экономика тармагында мүмкүнчүлүктөргө жык толгон аймак жана бардык бул мүмкүнчүлүктөрдү өз укуктарынын пайдасына колдонуу аймактагы бардык кошуна өлкөлөргө пайда алып келиши керек»,-деди.

Жакшы коңшулук мамилелердин бир гана Греция жана Түркия үчүн эмес, бүткүл Европа жана НАТО үчүн да маанилүү экенин белгилеген Шольц, НАТО союздаштарынын бири-биринин эгемендигине шек келтирбеши керектигин айтты.

Шольц бардык көйгөйлөрдү эл аралык укуктун негизинде сүйлөшүү жолу менен чечсе болот деп эсептей турганын белгиледи.

Германиядан Грецияга жеткирилген Мардер тибиндеги броне унаалар үчүн Шольц: «Мардерлер Грецияга жеткирилди жана алардын кайда экени тууралуу күн сайын маалымат албайбыз. Биз муну каалабайбыз. Биз акыркы жылдары да берген курал системаларында муну жасаган жокпуз, келечекте да кылбайбыз»,-деп айтты.

Мицотакис болсо Германиядан сатыла турган Мардер тибиндеги брондолгон унаалардын Мерич аймагында колдонула турганын белгилеп, Грециянын куралдуу күчтөрүнө баа берүүнүн бул багытта экенин белгиледи.

Түркия менен Грециянын көйгөйлөрүн тынчтык жолу менен чечиши керектигин жана достук колун сунууга даяр экенин ырастаган Мицотакис: «Муну гректер да, түрктөр да, Европа да каалайт. Афина да, албетте, каалайт»,- деди.



Тектеш кабарлар