Москвада коопсуздук машыгуусу

Федералдык коргоо кызматы пландуу атайын тактикалык машыгууларды өткөрүүдө.

1898528
Москвада коопсуздук машыгуусу

Орусиянын борбору Москвада администрацияны жана парламент имараттарын террордук коркунучтардан коргоо боюнча машыгуулар болду.

Орусияда мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардан тышкары айрым федералдык мүлктөрдү коргоо үчүн жооптуу Федералдык коргоо кызматы (ФСО), президенттик администрация комплекси, Орус парламентинин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңешинин жогорку палатасынын аймактарында пландуу атайын тактикалык машыгууларды өткөрүүдө.

ФСОнун айтымында, машыгуу террордук коркунучтардын алдын алуу, өрттү өчүрүү, медициналык жардам көрсөтүү жана кылмышкерлерди кармоону камтыйт.

Түн ичинде Москвада Федерация Кеңешинин имаратынын жанындагы айрым формачан күзөтчүлөрдүн жана брондолгон унаалардын фотосүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланды.



Тектеш кабарлар