Ак үй : "Россия митингдер тууралуу Иранга сунуш киргизиши мүмкүн"

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер күнүмдүк пресс  - жыйынында "Иран менен Россиянын митингдерге кийлигишүүдөгү окшоштуктарга" көңүл бурду.

1898467
Ак үй : "Россия митингдер тууралуу Иранга сунуш киргизиши мүмкүн"

АКШда Ак үй Москва башкаруусунун Ирандагы Махса Эмини митингдеринин бастырылышы тууралуу Тегеранга сунуш киргизиши мүмкүн экендигин билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер күнүмдүк пресс  - жыйынында "Иран менен Россиянын митингдерге кийлигишүүдөгү окшоштуктарга" көңүл бурду.

«Москванын Ирандагы митингдердин бастырылышы тууралуу Иранга «мыкты ыкмаларын» сунуш кылышынан тынчсыздануудабыз»,- деген Жан  - Пьер эки өлкөнүн тең митингге чыккандарды бастыруу менен оозун жабууга аракет кылгандыгын белгиледи.

Жан  -  Пьер : «Иран менен Россия канчалык изоляцияда боло турган болсо алар ошончолук жакындашып жатышат. Биздин Иранга айта турган сөзүбүз ачык : өз калкыңды өлтүрүүнү жана Россияга украиналыктарды өлтүрүү үчүн курал жиберүүнү токтот»,- деди.

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин стратегиялык байланыш директору Жон Кирби да : «Россиянын митингчилерге катуу кийлигишүүсү үчүн Иранга жардам берүүнү ойлогонун билебиз. Россиянын бул тууралуу тилекке каршы тажрыйбасы бар»,- деди.



Тектеш кабарлар