Зеленский немис президенти менен жолугушуп, курал - жарак талап кылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Германиядан өлкөсүнө дагы көп абадан коргонуу системаларынын алып келинишин белгилеп жана башка коргонуу куралдарынын да алып келиниши тууралуу жардам талап кылды.

1897983
Зеленский  немис президенти менен жолугушуп, курал  - жарак талап кылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Германиядан өлкөсүнө дагы көп абадан коргонуу системаларынын алып келинишин белгилеп жана башка коргонуу куралдарынын да алып келиниши тууралуу жардам талап кылды.

Владимир Зеленский Украинанын борбор шаары Киевге барган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Президенттик кеңсесинде массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн киийн өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында  Зеленский коопсуздук, экономикалык, социалдык өнүгүү темаларында Европа Биримдиги жана БУУнун негизинде Украина менен ишке ашырган кызматташтыгы үчүн Германияга ыраазычылык билдирди.

Эки тараптуу жолугушууларда эки тарап үчүн маанилүү маселелерди талкуулагандарын белгилеген Зеленский, өлкөсүндө Россияга каршы согуштун уланып жатканын эске салып, Украинанын асманын коргоо үчүн IRIS-T абадан коргонуу системасын берген Германияга ыраазычылык билдирип, бул колдоонун улантылышынан үмүт кылгандыгын айтты.

Абадан коргонуу системалары менен бирге башка коргонуу куралдарына да муктаж экенин белгилеген Украинанын лидери, Германиядан бул багытта колдоо көрсөтүүнү каалашкандарын айтып : «Бул өзгөчө артиллериялык системалары, бронетранспортерлерге жана башка куралдарга тиешелүү», - деди.

Чернигов аймагында орус кол салуулардан улам жабыркаган инфраструктураларды калыбына келтирүү иштеринин Штайнмайердин жеке камкордугунда жүргүзүлүшүнө чечим чыгарылганын белгилеген Зеленский тиешелүү биргелешкен билдирүүгө да кол коюлганын жарыялады.

Владимир Зеленский өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен тездетилген интеграция процессинин уланып жатканын, бул багытта Украина катары алган бардык милдеттерин жылдын сонуна чейин аткара тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар