Жаңы Зеландияда аял депутаттардын саны көп

Парламенттеги акыркы өзгөрүүлөрдөн кийин аял депутаттардын саны 60, эркектердики 59 болду.

1897893
Жаңы Зеландияда аял депутаттардын саны көп

Жаңы Зеландиянын тарыхында биринчи жолу парламенттеги аял депутаттардын саны көпчүлүктү түздү.

Ирландия элчиси болуп дайындалган Тревор Малларддын милдетин Эмгек партиясынан Сорая Пеке-Масон колго алгандан кийин аял депутаттардын саны эркектердикинен ашып кетти.

Парламенттеги акыркы өзгөрүүлөрдөн кийин аял депутаттардын саны 60, эркектердики 59 болду.

Пеке-Масон журналисттерге билдирүүсүндө: «Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн гана эмес, Жаңы Зеландия үчүн да тарыхый күн деп ойлойм»,-деди.

Парламенттер аралык биримдиктин (PAB) маалыматына ылайык, Жаңы Зеландия быйыл парламенттеринде кеминде 50 пайыз аял өкүлү бар 6 өлкөнүн катарына кирди.

Бул көрсөткүчкө жетишкен берки өлкөлөр Куба, Мексика, Никарагуа, Руанда жана Бириккен Араб Эмираттары болду.

Дүйнө жүзүндө депутаттардын 26 пайызга жакынын аялдар түзөт.



Тектеш кабарлар