Шойгу кытайлык жана индиялык кесиптештери менен сүйлөштү

Сергей Шойгу 23-октябрда Түркия, АКШ, Франция жана Британиядагы кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө "ыплас бомба" маселесин талкуулаган.

1898055
Шойгу кытайлык жана индиялык кесиптештери менен сүйлөштү

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кытайдын коргоо министри Вей Фынги жана Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх менен Украинадагы кырдаалды талкуулады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Шойгу Вей жана Сингх менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Украинадагы кырдаал каралган сүйлөшүүлөрдө Шойгу "Украинанын ыплас бомбаны (радиактивдүү бомба) колдонуу менен чагымчыл аракеттерге барышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун" билдирди.

Сергей Шойгу 23-октябрда Түркия, АКШ, Франция жана Британиядагы кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө "ыплас бомба" маселесин талкуулаган.

АКШ, Британия жана Франциянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүүдөн кийин орток билдирүү жасап, Орусиянын дооматтарын четке каккандарын жана чыңалууну күчөтүү үчүн колдонула турган шылтоолорду кабыл албай тургандарын маалымдашкан.  



Тектеш кабарлар