Россия тыңчылык боюнча айыптоолорду жалганга чыгарды

Акыркы жумаларда Норвегияда көп сандаган орус жараны камакка алынды.

1898119
Россия тыңчылык боюнча айыптоолорду жалганга чыгарды

Россиянын Осло элчилиги Норвегияда Россия үчүн тыңчылык кылгандыгы айтылган киши тууралуу маалыматынын жок экендигин билдирди. 

Элчилик билдирүүсүндө тыңчылык  кылгандыгы белгиленген Бразилия тектүү илимпозго байланыштуу маалыматтарынын жок экендиги баса белгиленип айыптоолордун "саясий максатта" экендиги билдирилди. 

Норвегиянын полиция чалгындоосу Арктика университетинде иштеген бразилиялык кишинин жасалма ысым жана күбөлүк колдонуу менен Россия үчүн тыңчылык  иштерин аткаргандыгын маалымдаган. Арктика университети билдирүүсүндө бул кишинин "конок мугалим" катары иштегендигин бөлүштү.

Акыркы жумаларда Норвегияда көп сандаган орус жараны камакка алынды. 

 



Тектеш кабарлар