Бангладештеги тропикалык бороон

Бангладештин метеорологиялык департаменти, бороондун ылдамдыгы айрым аймактарда саатына 88 километрге жеткенин белгиледи.

1897696
Бангладештеги тропикалык бороон

Бангладеште акыркы күндөрү таасирдүү болгон тропикалык «Ситранг» бороонунан улам 13 киши каза тапты.

Ситрангдын себебинен жээк аймактарында жүз миңдеген киши үчүн эвакуация буйругу чыгарылып, катуу жааган жамгыр кээ бир аймактарда селге себеп болду.

Бангладештин метеорологиялык департаменти, бороондун ылдамдыгы айрым аймактарда саатына 88 километрге жеткенин белгиледи.

Бангладеш басма сөзүндө орун алган кабарларда, көпчүлүгү калктуу жерлерде бак-дарактар кулап, жолдордун транспортко жабылганы, апаатта 13 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Жетекчилер өлкө боюнча 3 аэропорттун убактылуу иштебей турганын, дарыялардагы транспортун токтотулганын билдиришип, балыкчыларга деңизге чыкпоого кеңеш беришти.

160 миллион калкы бар Бангладеште географиялык өзгөчөлүктөрдөн улам сел, бороон сыяктуу табигый кырсыктар көп кездешет.



Тектеш кабарлар