Чехия орус жарандарына чек арасын жапты

Өкмөт согуш башталган 24 -  февралдан бери гуманитрадык абалдардын тышында орус жарандарына чех мекемелери тарабынан визанын берилишин токтоткон.

1897563
Чехия орус жарандарына  чек арасын жапты

 Чехия Шенген визасы бар орус жарандарынын бүгүндөн тарта маданий, спорт жана туризм максатында  өлкөгө киришине уруксат бербейт.

Чехиянын тышкы иштер министри Жан Липавский Россиянын Украинада баштаган согушка каршылык көрсөтүү максатында Шенген визасы бар орус жарандарынын өлкөгө киришине уруксат берилбей тургандыгын, буга байланыштуу чечимдин 5 өнөктөш коалиция өкмөтү тарабынан чыгарылгандыгын билдирди.

Күнүмдүк орточо 200 орус жаранынын түрдүү эл аралык аэропорттордон Чехияга киргени тууралуу маалыматты бөлүшкөн Липавский тыюу салуунун бардык орус жарандары үчүн күчүндө экендиигн, туристтер менен бирге маданий жана спорттук иш  -  чаралар үчүн келгендердин да тыюу салуудан таасирленерин айтты.

Ушундайча  Чехия Украинадагы согуштан улам орус жарандары үчүн чек арасын жапкан Польша, Финляндия сыяктуу өлкөлөргө кошулду.

Өкмөт 12 - октябрда Шенген визасы бар орус жарандарына Чехияга туристтик максатта кирүүгө тыюу салынарын Россияга реакция кылуу үчүн жарыялаган.

Өкмөт согуш башталган 24 -  февралдан бери гуманитрадык абалдардын тышында орус жарандарына чех мекемелери тарабынан визанын берилишин токтоткон.



Тектеш кабарлар