Буркина - Фасодо террордук кол салуу болду

Кол салууда 10 аскер каза болуп, кеминде 50 аскер жаракат алды.

1897408
Буркина  -  Фасодо террордук кол салуу болду

Буркина  -  Фасодо бир аскердик базага жаслаган террордук кол салууда 10 аскер каза болуп, кеминде 50 аскер жаракат алды.

Башкы штабдан берилген маалыматта Соум облусунда Джибо кыштагындагы аскердик базага террордук кол салуунун болгондугу белгиленди.

Маалыматта 10 аскердин каза болгондугу, еминде 50 аскердин жаракат алгандыгы  маалымдалды.

Аймакта уланып жаткан кагылышууларда кеминде 18 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Буркина  -  Фасодо армия коопсуздук  абалды негиз кылып көрсөтүп 30 -  сентябрда бийликти колго алган.

Коңшу өлкө Малидеги Аль Каида жана ДЕАШ менен байланышы бар террордук топтор 2015 -  жылдан бери Буркина  -  Фасонун түндүгүндө жана чыгышында бат – бат кол салууларды жасоодо.

Өкмөттүн маалыматтарына караганда кол салууларда 2015 -  жылдан декабрь айына чейин 2000 киши алардын ичинен 600 коопсуздук кызматкери каза болду.



Тектеш кабарлар