Украина менен Орусия «кир бомба» боюнча кайым айтышууда

Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Twitter баракчасына жазса,Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди.

1896862
Украина менен Орусия «кир бомба» боюнча кайым айтышууда

Украинанын коргоо министри Алексей Резников «кир бомба (радиоактивдүү бомба)» идеясы алар үчүн «жийиркеничтүү» экенин айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигин анын өлкөсүнө байкоочу миссияларды жөнөтүүгө чакырды.

Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Twitter баракчасына жазып, «Украина армиясы күн сайын биздин жерлерди орус киринен бошотуп жатат. Кир бомба идеясы биз үчүн жийиркеничтүү. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин байкоочу миссияларын Украинага чакырабыз. Дүйнө Орусиянын өзөктүк шантажына жооп бериши керек. Будапешт меморандумунун 4-пункту аткарылууга тийиш, биз талап кылабыз»,-деп бөлүштү.

Бир тараптан Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында АКШ , Франция жана Англиянын Украинанын өз топурагында «кир бомбаны» колдонууга даярданууда деген билдирүүлөрүн четке кагышына баа берди.

Орусиянын айыптоолорун тиешелүү тараптарга жеткиргенин белгилеген Песков: «Орусия тараткан маалыматка ишенбөө «кир бомбаларды» колдонуу коркунучун жок кылбайт. Мындай коркунуч бар жана бул маалымат коргоо министринин маектештерине жеткирилди. Ишенүү же ишенбөө алардын өз эрки»,-деди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украина «кир бомба» колдоно турганын билдирди.

АКШнын, Франциянын жана Англиянын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүүсүндө, Орусиянын Украинанын өз жеринде «кир бомбаны» колдонууга даярданууда деген дооматтарын четке какты.



Тектеш кабарлар