Иранда тыңчылык кылган деген айып менен 10 киши кармалды

Израилдин тышкы чалгындоо кызматы Моссадда иштеген 10 кишиден турган топ кармалды.

1896790
Иранда тыңчылык кылган деген айып менен 10 киши кармалды

Ирандын Батыш Азербайжан облусунда Израилге тыңчылык кылган деген айып менен 10 киши камакка алынды.

Ирандын Соттук кабар агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин тышкы чалгындоо кызматы Моссадда иштеген 10 кишиден турган топ кармалды.

Аталган топтогу кишилердин бир канчасынын Моссад мүчөлөрү менен байланышта болгону айтылган кабарда, бул топтун өзгөчө Иран коопсуздук күчтөрүнүн Израиль бөлүмүндө иштеген кызматкерлерин бутага алганы белгиленди.

Топтун мүчөлөрүнүн борбор калаа Тегеран менен Хормузган аймагында, ошондой эле Батыш Азербайжан облусунда иш алып баргандары айтылды.



Тектеш кабарлар