Орусияда согуштук учак кулап түштү

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Су-30 үлгүсүндөгү согуштук учак сыноо учуу учурунда Иркутск шаарындагы үйдүн үстүнө кулап түшкөн.

1896436
Орусияда согуштук учак кулап түштү

Орусиянын Иркутск шаарында Су-30 үлгүсүндөгү согуштук учак сыноо учуу учурунда үйдүн үстүнө кулап, эки адам каза болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Су-30 үлгүсүндөгү согуштук учак сыноо учуу учурунда Иркутск шаарындагы үйдүн үстүнө кулап түшкөн.

Кырсык болгон жерде 200 чарчы метр аянтта өрт чыгып, аймакка өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү.

Кырсыктан эки учкуч каза болду, анын себеби азырынча белгисиз. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Орусиянын Йейск шаарында 17-октябрда Су-34 үлгүсүндөгү согуштук учак машыгуу учуу маалында турак жайга кулап түшүп, 15 киши набыт болгон.



Тектеш кабарлар