Теббун : "Алжир кибер чабуул астында"

Президент Теббун Алжирде жыл сайын 22 - октябрда белгиленүүчү Улуттук басма сөз күнүнөн улам медиа тармагындагы жеке адамдарга жана мекемелерге билдирүү жөнөттү.

1896243
Теббун : "Алжир кибер чабуул астында"

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун өлкөсүнүн улуттук түзүлүшүн жок кылууну каалагандардын кибер чабуулуна туш болгонун билдирди.

Президент Теббун Алжирде жыл сайын 22 - октябрда белгиленүүчү Улуттук басма сөз күнүнөн улам медиа тармагындагы жеке адамдарга жана мекемелерге билдирүү жөнөттү.

Теббун билдирүүсүндө басма сөз кесибинде өздөрүнө аманатка калтырылган милдетти кесипкөйлүк жана патриоттук руху менен орундаткан баарын толугу менен колдой тургандарын баса белгиледи.

Президент Теббун билдирүүсүндө буларды айтты : «Улуттук курулуштун бул баскычында аймактык жана эл аралык деңгээлде жол башчылык ролун кайрадан калыбына келтирген Алжирге карата жаман ниет менен баш айландырган жана жаңылтуу максатында жасалган кибер чабуулдарга каршы медиа кызматкерлеринин аракеттерин колдойбуз».

Теббун өлкөсүнө каршы кибер чабуул жасоо менен айыптаган  тараптардын ким экендигине байланыштуу маалымат бербестен мындан мурда да бир канча жолу Алжирдин «көз карандысыз тышкы мемилесинен улам бутага алынгандыгын» белгилеген.



Тектеш кабарлар