Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары

Конашенков орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1895103
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын аскердик башкаруу жана энергетика системаларына алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен чабуулдарын улантып жатканын айтты.

Конашенков орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Конашенков Украинага каршы чабуул жасашканын белгилеп:"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик башкаруу жана энергетика системаларынын элементтерине акыркы 24 саатта абадан жана деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен чабуулун улантты. Белгиленген бардык элементтерге сокку урулду",-деп айтты.

Конашенков Купянск, Красный Лиман (Кызыл порт), Николаев жана Кривой Рог багытындагы кагылышууларда 200гө жакын украин аскери набыт болгонун жана көп сандаган аскердик техниканын жок кылынганын айтты.

Конашенков Украина армиясына таандык 7 штаб жана 3 ок-дары кампасынын жок кылынганын, «Су-25» үлгүсүндөгү согуштук учак менен 12 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирген Конашенков:«Ушул убакка дейре Украинага таандык 324 учак, 161 тик учак, 2278 учкучсуз учуучу аппарат, 383 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 5891 танк жана бронетехника, 873 көп стволдуу ракета аткычтар, 3489 гаубицалар жана минометтор, 6652 аскердик техникасы жок кылынды",- деди.

Украин күчтөрүнүн Запорожье атомдук станциясына кол салууларды уюштурганын жана жайгаштырууга аракет кылганын айткан Конашенков ал жердеги кагылышууда 90 украин аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин, 14 кайыктын талкалангандыгын айтты.

Конашенков электр станциясында эч кандай зыян болбогонун жана радиациялык абал нормалдуу көрсөткүчтөрдүн чегинде экенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар