Хорватияда Галстук күнү

Тарыхта биринчи жолу Хорватияда колдонулган галстуктун биринчи версиясы борбордогу Бан Желачичтин айкелине тагылды.

1894621
Хорватияда Галстук күнү

Хорватиянын борбору Загребде «Дүйнөлүк галстук күнү» иш-чарасы өткөрүлдү.

Хорватияда 2008-жылдан бери жыл сайын 18-октябрда белгиленип келе жаткан «Дүйнөлүк галстук күнүнүн» алкагында борбор шаар Загребде азем өткөрүлдү.

Эл көп катышкан аземде, тарыхта биринчи жолу Хорватияда колдонулган галстуктун биринчи версиясы борбордогу Бан Желачичтин айкелине тагылды.

1600-жылдардын орто ченинде Хорватияда биринчи жолу чыккан галстук дагы деле дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар тарабынан иш жана жеке жашоодо колдонулууда.



Тектеш кабарлар