Сомалиде бомбалуу кол салуулар

Каза болгон жана жаралангандардын бардыгынын карапайым жарандар экени белгиленди.

1894020
Сомалиде бомбалуу кол салуулар

Сомалиде эки жардыруудан сегиз киши набыт болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, биринчи жардыруу полициянын башкаруу борборунда, экинчиси болсо Жажаб районундагы административдик имараттын жанында болгон.

Эки кол салууда 8 кишинин каза тапканы, 5 кишинин жараланганы, каза болгон жана жаралангандардын бардыгынын карапайым жарандар экени белгиленди.

Азырынча жардыруулар тууралуу расмий билдирүү айтыла элек.



Тектеш кабарлар