Песков: "Ирандын учкучсуз аппараттарын колдонбой элебиз"

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди.

1894342
Песков: "Ирандын учкучсуз аппараттарын колдонбой элебиз"

Орусия Украинада Ирандын учкучсуз учуучу аппараттарын колдонгон деген айыптоолорду четке какты.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, 24-февралдан бери уланып жаткан согушта «Орусия Украинада Ирандын учкучсуз учуучу аппаратын колдонду» деген билдирүүлөргө баа берди.

Бул тууралуу маалыматы жок экендиктерин белгилеген Песков: «(Украина согушунда) орус техникалары колдонулууда. Муну билесиздер. Калган суроолорду Орусиянын Коргоо министрлигине жөнөтсөңүз болот»,-деп айтты.

Америкалык жетекчилер Орусия Украинада ирандык учкучсуз аппараттарды колдонуп жатат деп ырастаса, украин жетекчилери да өлкөдө өзгөчө камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуулар көп болгонун кабарлашты.



Тектеш кабарлар