Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу маалымат бөлүштү.

1894425
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинадагы чет элдик курал жана ок-дарыларды камтыган арсеналдарды алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен атышкандарын айтты.

Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу маалымат бөлүштү.

Орусиянын Украинанын кээ бир шаарларына ракеталык чабуулдарына токтолгон Конашенков: «Акыркы 24 сааттын ичинде Орусиянын Куралдуу Күчтөрү Украинанын аскердик башкаруу жана энергетика системасынын элементтерине, ошондой эле чет элдик курал-жарактар ​​жана ок-дарылар камтылган арсеналдарга каршы абадан жана деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен чабуулун улантты. Бардык аныкталган элементтерге сокку урулду»,-деди.

Конашенков орус армиясынын Купянск багытында илгерилеп бара жаткандыгын билдирип: «Биздин аскерлер Харьков областындагы Горобьевка конушун басып алышты»,-деп айтты.

Украин армиясынын кол салууларынын мизин кайтарганын билдирген Конашенков, бул жердеги кагылышууда 200гө жакын украин аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин жана көп сандаган аскердик техниканын да жок кылынганын кабарлады.

Акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 10 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн белгилеген орус катчысы, согуш башталган 24-февралдан бери 323 учак, 161 тик учак, 2266 пилотсуз учак, ошондой эле 381 абадан коргонуу ракеталык системасы, 5876 танк жана брондолгон техника, 871 көп стволдуу ракета аткычтар, 3485 гаубица жана миномёттор, 6635 жеке менчик аскердик унаанын жок кылынганын маалымдады.



Тектеш кабарлар