АКШ элчисинен Түндүк Кореяга чакыруу

Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк Кореядагы элчиси Филипп Голдберг Түндүк Кореяны бардык аскердик провокацияларды токтотууга жана өзөктүк сыноодон баш тартууга чакырды.

1894227
АКШ элчисинен Түндүк Кореяга чакыруу

Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк Кореядагы элчиси Филипп Голдберг Түндүк Кореяны бардык аскердик провокацияларды токтотууга жана өзөктүк сыноодон баш тартууга чакырды.

Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, элчи Голдберг АКШнын Түштүк Корея менен союздаштыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Түндүк Кореянын ыктымалду өзөктүк сыноосуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бардык нерсенин Түндүктүн өзөктүк сыноого карай баратканын көрсөткөнүн белгилеген Голдберг, сыноонун так убактысын алдын ала айта албастыгын айтып : "Мындай кадамдын аймакта бир гана чыңалууну күчөткөн коркунуч жана провокацияларга киришүүнүн жана жоопкерчиликсиздиктин башка бир далили болорун айтуум керек",- деди. 

Акыркы 2 жумада 8 -  ракетасын учурган Түндүк Кореянын 4 -  октябрда учурган баллистикалык ракетасы 2017 -  жылдан кийин биринчи жолу Япониянын түндүк  - чыгышынан өтүп Тынч океанга түшкөн. 

Белгилүү болгондой, Пхеньян башкаруучулугу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдорун бузуу менен 2022-жылдын башынан бери түрдүү аралыкта 20дан ашык баллистикалык ракета сыноосун ишке ашырды.

 

 



Тектеш кабарлар