Украинанын борбору Киевде жардыруулар болду

Киев облустук аскер администрациясынын башчысы Алексей Кулеба Киевдин тургундарын сиреналар менен эскертүүлөргө кулак кагууга чакырды.

1893514
Украинанын борбору Киевде жардыруулар болду

Орус күчтөрүнүн Украинанын борбор шаары Киевге бүгүн эртең менен жасаган камикадзе учкучсуз учуучу аппараттары менен кол салууларында үч киши каза болду.

Киев мэри Виталий Кличко бүгүн эртең менен шаарга камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен жасалган кол салууларга байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Кличко бүгүн эртең менен Киевге 28 камикадзе жөнөтүлгөнүн, алардын 23үнө абадан коргонуу системалары сокку урганын, борбордо 5 башка жардыруу угулганын айтты.

Киевде кол салуунун бутасы болгон жана көпчүлүгү талкаланган бир батирде издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 3 кишинин жансыз денеси табылганын билдирген Кличко, курман болгондордун арасында 6 айлык кош бойлуу аял менен күйөөсүнүн болгонун белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да кол салуудан кийинки билдирүүсүндө:"Камикадзе учкучсуз учуучу аппараттары жана ракеталары бүт Украинага сокку урууда. Душмандар биздин шаарларга кол салышы мүмкүн, бирок алар бизди бөлүп-жара алышпайт",-деди.

Зеленский өз билдирүүсүндө Киевде бир имарат да атылганын ырастады.

Сөз болуп жаткан имаратта урандылардын астында 2 адамдын калганы белгилүү болду.

Орус күчтөрү 10-октябрда Киевге бир катар чабуулдарды жасаган.



Тектеш кабарлар