Угандада эболадан медициналык кызматкер каза болду
Доктор Валугембенин, Мубенде аймактык ооруканасынын лабораториясында иштегени айтылды.
1893768
Угандада Эбола эпидемиясынан улам дагы бир медициналык кызматкер каза болду.
"Monitor" гезитинин кабарына караганда, угандалык дарыгер Жон Грейс Валугембе эболанын себебинен каза тапты.
Эбола вирусуна кабылган медицина кызматкери доктор Валугембенин, Мубенде аймактык ооруканасынын лабораториясында иштегени айтылды.
Алгач 19-сентябрда 24 жаштагы бир кишиде Судан варианты аныкталган сейрек кездешүүчү Эбола вирусунан улам өлкөнүн ар кайсы аймактарында коменданттык саат жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.