Нигериядагы селден 600дөн ашуун адам каза болду

Өлкөдө 2012-жылы селден 363 адам каза болуп, 2,1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгон.

1893601
Нигериядагы селден 600дөн ашуун адам каза болду

Нигерияда селден 600дөн ашуун кишинин каза болгону, 82 миңден ашуун үйдүн толугу менен кыйрап калганы кабарланды.

Нигериянын гуманитардык иштер министри Садия Өмер Фарук өз билдирүүсүндө: «2022-жылдын 16-октябрынан тарта тилекке каршы 603 өлүм катталды»,-деди.

Бөлүшүлгөн сандарга караганда; 1 миллион 300 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, 82 миңден ашык үй толугу менен кыйрап калса, 110 миң гектардык айыл чарба жери жараксыз абалга келди.

Селден каза болгондордун саны буга чейин 500 деп жарыяланган. Кээ бир аймак өкмөттөрүнүн даярдыксыздыгынан улам каза болгондордун санынын көбөйүп жатканы айтылды.

Өлкөдө 2012-жылы селден 363 адам каза болуп, 2,1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгон.


Этикеткалар: #Нигерияда селден

Тектеш кабарлар