Евробиримдиктен Иранга санкция

Санкция тизмесине 11 киши жана 4 уюмдун кошулганы кабарланды.

1893926
Евробиримдиктен Иранга санкция

Европа Биримдиги (ЕБ), Махса Эмининин өлүмү жана андан кийинки нааразылык акцияларына карата мамилеси үчүн Иранга каршы санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясында учурдагы санкция тизмесине 11 киши жана 4 уюмдун кошулганы кабарланды.

Эмининин өлүмүнө жооптуу деп эсептелген Ирандын адеп-ахлак полициясы жана анын негизги ысымдары Мохаммад Ростами менен Хажахмад Мирзаеге, Ирандын укук коргоо күчтөрүнө жана бир катар жергиликтүү жетекчилерге санкция киргизүү чечими кабыл алынганы айтылган билдирүүдө: "Ирандын маалымат жана байланыш технологиялары министри Иса Зарепур интернетти өчүрүүдөгү жоопкерчилигинен улам тизмеге киргизилди" деп кабарланды.

Бул чараларга саякатка тыюу салуу жана активдерди тоңдуруу кирет.

Ошондой эле Евробиримдиктин жарандарына жана компанияларына тизмедеги адамдарды жана уюмдарды каржылоого тыюу салат.

Аталган тизмеде 97 адам жана 8 уюм бар.



Тектеш кабарлар