КМШ өлкөлөрүнүн саммити Астанада башталды

Жыйын Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин жетекчилигинде өтүүдө.

1892898
КМШ өлкөлөрүнүн саммити Астанада башталды

Казакстандын борбору Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги КМШнын мамлекет башчыларынын жыйыны башталды.

Жыйын Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин жетекчилигинде өтүүдө.

Жамааттык сүрөткө түшүүдөн кийин башталган жолугушууга Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев катышты.

Саммитте КМШнын 2023 – 2025 - жылдарга терроризмге жана экстремизмге каршы жаңыланган программасы, ошондой эле  Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда КМШга байкоочу статусунун берилиши жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн арасында коррупцияга каршы күрөштө кызматташуу боюнча келишимге кол коюу каралат.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар