Француз министринен Беларуска карата эскертүү
Александр Лукашенко Россия менен биргелешкен аскердик биримдик түзүү боюнча макулдашканын жана орус армиясынын жанында беларусь аскерлерин жайгаштырууга даяр экенин билдирген.
1891316
![Француз министринен Беларуска карата эскертүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9293/be2c/285b/6345304a25fd8.jpg?time=1718436176)
Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна Россия менен биргелешкен аскер бөлүгүн түзүүгө макул болгон Беларусту Украинадагы согушка кире турган болсо санкция менен беттешери боюнча эскертти.
France Inter каналына маалымат берген Кэтрин Колонна кечээ Россия менен биргелешкен аскердик биримдикти түзүү тууралуу келишкендигин жарыялаган Беларустун эскертилиши керектигин белгилеп : "24 - февралдан бери болуп келе жаткан Россиянын Украинадагы согушуна бериле турган колдоолор кошумча санкциялар менен жыйынтыкталат",- деди.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Россия менен биргелешкен аскердик биримдик түзүү боюнча макулдашканын жана орус армиясынын жанында беларуьс аскерлерин жайгаштырууга даяр экенин билдирген.