Швецияда ЙПГ/ПКК тарапкерлери демонстрацияга чыгышты
Норра Банторгет аянтында чогулган жикчил террордук уюмдун жактоочулары террордук уюмдун корбашчысы Абдуллах Өжаландын бошотулушун талап кылышты.
1890356
Швециянын борбор шаары Стокгольмдо жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын жактоочулары Түркия менен НАТОго мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу талабы менен демонстрация өткөрүштү.
Норра Банторгет аянтында чогулган жикчил террордук уюмдун жактоочулары террордук уюмдун корбашчысы Абдуллах Өжаландын бошотулушун талап кылышты.
Жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын символу болгон чүпүрөктөрдү көтөргөн демонстранттар корбашчысы Өжаландын афишасын ачышты.
Полициянын коштоосунда демонстрацияга чыккан терроризмди колдогондор шаардын борборунда жүрүшкө чыгышты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.