Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну украин чалгын кызматы жасаганын билдирди
Владимир Путин Ст. Санкт-Петербургда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрикин менен жолугушту.
Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну украин чалгын кызматы жасаганын билдирди.
Владимир Путин Санкт-Петербургда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрикин менен жолугушту.
Орусия менен мыйзамсыз аннексияланган Крымды бириктирген көпүрөдө өткөн күнү болгон жардыруу тууралуу Путин: «Бул Орусия Федерациясынын өтө маанилүү жарандык инфраструктурасын талкалоого багытталган теракт. Аны Украинанын чалгындоо кызматы ойлоп, аткарган жана буйрук берген»,-деди.
Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Бастрыкин жардыруу менен байланыштуу терроризм боюнча иш козголгону тууралуу маалымат менен бөлүшүп: «Бул тергөөнүн алгачкы этабында алынган маалыматтар менен тастыкталды»,-деди.
Бастрикин ошондой эле айрым орусиялык жана чет элдик жарандар Украинанын чалгындоо кызматына жардырууга жардам бергенин айтты.
Орусия менен 2014-жылы мыйзамсыз аннексияланган Крымдын ортосунда жайгашкан Керч көпүрөсүндө мурунку күнү жүк ташуучу унаанын жарылуусунан 3 киши каза болгон.
Украина президентинин аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк жардырууну «башталыш» деп билдирген.
2018-жылы Путин тарабынан расмий түрдө ачылган көпүрө Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени ал Крым менен кургактыктан байланышын камсыздап турат.