Путин кол салуу боюнча үн катты

Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңеши менен жолугушууда Украинаны өз өлкөсүндө түрдүү террордук актыларды жасоо менен айыптады.

1890989
Путин кол салуу боюнча үн катты

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн эртең менен Украинанын энергетика, аскерий жана коммуникация инфраструктурасына узак аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен кол салышканын айтты.

Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын Коопсуздук кеңеши менен жолугушууда Украинаны өз өлкөсүндө түрдүү террордук актыларды жасоо менен айыптады.

Путин дем алыш күндөрү Крым көпүрөсүндөгү жардыруу Орусиянын жарандык жана маанилүү инфраструктурасына багытталганын айтып:«Бул кол салууну Украинанын чалгын кызматы уюштурганы анык. Киев режими көптөн бери террордук ыкмаларды колдонуп келет»,-деди.

Украинанын Орусиядагы Курск атомдук станциясына үч жолу кол салганын белгилеген Путин, бул жерде болгон зыяндын олуттуу көйгөйсүз оңдолгондугун айтты.

Владимир Путин Украинанын да «Түрк агымы» жаратылыш газ куурун бузууга аракет кылып жатканын жүйө кылып:«Балтика деңизинин астынан өткөн эл аралык газ транспорттук системаларынын жарылуу себептерин иликтөө боюнча Орусиянын сунушуна эмне үчүн жол берилбей калганы белгилүү. Бирок бул кылмыштан эң чоң пайда кимге тийип жатканын баарыбыз билебиз»,-деп айтты.

Украинанын айтылган кол салууларын жоопсуз калтыруунун мындан ары мүмкүн эмес экенин белгилеген орус лидер: «Коргоо министрлигинин сунушу жана Башкы штабдын планына ылайык, бүгүн эртең менен Украинанын энергетикалык, аскерий жана коммуникация инфраструктурасына алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен чабуул жасалды»,-деп айтты.

Путин анын өлкөсү Украинага каршы ушундай чабуулдарды уланта бериши мүмкүн экенин эскертип:«Эгерде биздин жерлерге каршы террордук аракеттер улана берсе, Орусиянын жообу Орусияга каршы коркутууларга ылайыктуу жана катаал болот. Мындан эч ким күмөн санабасын»,-деди.

Орус күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Украинанын борбор шаары Киевге ракеталык чабуулунан 8 кишинин каза болгону, 24 кишинин жараланганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар