Керчь көпүрөсүндөгү жарылууда 3 киши каза болду

Россиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө жүк ташуучу унаадагы жарылууда 3 кишинин каза болгону жарыяланды.

1890179
Керчь көпүрөсүндөгү жарылууда 3 киши каза болду

Россия менен Крымдын ортосунда жайгашкан көпүрөдөгү жүк ташуучу унаада болгон жарылууда 3 киши каза болду. 

Россия Улуттук террор менен күрөшүү боюнча басма сөз борборунан берилген маалыматта Керчь көпүрөсүндөгү жарылуудан улам жакынындагы  күйүүчү май ташыган поезддин вагондорунан өрттүн чыккандыгы белгиленди. 

Россиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө жүк ташуучу унаадагы жарылууда 3 кишинин каза болгону жарыяланды.

Билдирүүдө жарылуу  болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун өздүгү такталып, иликтөө иштери уланып жатканы белгиленген. Көпүрө зыян тарткандыктан унааларга жабылды. 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу Россиянын президенти Владимир Путинге маалымат берилип, атайын иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн билдирди.

2018 - жылы Путин тарабынан расмий түрдө ачылган көпүрө Крым менен жол байланышын камсыздагандыктан Россия үчүн стратегиялык мааниге ээ.

 



Тектеш кабарлар