Харьковдо тамак - аш жана сууга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү

Лаерке согуштан кийин 28 миңден 4 миңге азайган Купянск калкынын аймактагы майда кагылышуулардан улам азыр да жапа чегип жаткандагын белгиледи.

1890039
Харьковдо тамак  - аш жана сууга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү

Украинада чоң бөлүгү орус күчтөрүнөн алынган Харьков облусунда 140 миң кишинин тамак- аш жана сууга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендиги билдирилди.

БУУнун Гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсесинин басма сөз катчысы Йенс Лаерке БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Харьковдо Украинанын көзөмөлүндөгү шаарлардагы акыркы абалга баа берди.

Харьковго караштуу Изюмшаарындагы 9 миңге жакын жарандын жашоо үчүн гуманитардык жардамга муктаж экендиги тууралуу маалыматты бөлүшкөн Лаерке : «Маркеттерменен соода борборлору кулаган же жабык. Үй-бүлөлөрнегизги азык- түлүк жана медициналык каражаттарды бөлүшүү үчүн шаар аянтында чогулушууда»,- деди.

Лаерке согуштан кийин 28 миңден 4 миңге азайган Купянск калкынын аймактагы майда кагылышуулардан улам азыр да жапа чегип жаткандагын белгиледи.

Лаерке Харьковдун бошотулган аймактарында болжол менен 140 миң киши жашаганын айтып : «Бул жердеги жарандардын тамак- аш, суу, газ электр жана медициналыккызматтарга жетишүү мүмкүнчүлүгү чектелген»,- деди.

Лаерке ушул кезге чейин 73 миңден ашуун жаранга тамак- аш боюнча жардам берилгендигин, муну менен бирге 12 миңден ашуун гигиеналык жана ашкана каражаттары менен 15 миңге жакын жууркан таратылгандыгын белгиледи.

10 миңге жакын кишини дарылоого жете турган медициналык каражаттын да муктаж адамдарга жеткирилгендигин айткан Лаерке БУУга караштуу мекемелердин гуманитардык жардам берүүнү улантарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар