Николь Манн космоско чыккан биринчи индей аял
45 жаштагы деңиз полковниги Николь Манн Флоридадагы Кеннеди космос станциясынан учурулган ракетадагы 3 астронавттын бири.
Америкалык астронавт Николь Манн космоско чыккан биринчи индей аял болду.
Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук авиация жана космос агенттигинин (NASA) Crew 5 миссиясынын алкагында SpaceX, Эл аралык космос станциясына (ЭКС) үч астронавт жана бир космонавтты жөнөттү.
Түпкүлүктүү индей болгон 45 жаштагы деңиз полковниги Николь Манн Флоридадагы Кеннеди космос станциясынан учурулган ракетадагы 3 астронавттын бири.
Манн Би-Би-Сиге берген маегинде, кызматынын индейлердин кийинки муунун шыктандырышын үмүт кылганы айтып: «Жаш индей балдарды өз кыялдарын аткарууга жана тоскоолдуктарды ашып өтсө болоорун түшүнүүгө шыктандырат деп үмүттөнөм. Алар мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ»,-деди.
АКШнын деңиз жөө аскери катары кызмат кылганы үчүн 6 медалга ээ болгон Манн, Ирак жана Ооганстанда кызмат өтөгөн.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.