Зеленский өлкөсүнүн бир бөлүгүн Орусияга аннексиялоону жараксыз деп тапкан жарлыкка кол койду

Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2014-жылдан бери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын, өзгөчө Крымды аннексиялоо чечимин жараксыз деп тапкан жарлыкка кол койду.

1888603
Зеленский өлкөсүнүн бир бөлүгүн Орусияга аннексиялоону жараксыз деп тапкан жарлыкка кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн бир бөлүгүн Орусияга аннексиялоону жараксыз деп тапкан жарлыкка кол койду.

Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2014-жылдан бери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын, өзгөчө Крымды аннексиялоо чечимин жараксыз деп тапкан жарлыкка кол койду.

Украинанын президенттигинин интернет сайтында жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Путин 2014-жылдан бери кол койгон жарлыктардын же алар менен байланыштуу кабыл алынган, чыгарылган же түзүлгөн башка чечимдердин, бүтүмдөрдүн жана келишимдердин күчүн жоготкондугу жана эч кандай юридикалык күчү жок экени баса белгиленди.

Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши тарабынан 24-февралдан бери Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуш боюнча Орусиянын президенти Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирген жарлыкка да кол койду.

Крымдан кийин Орусия Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын аннексиялап, Украинанын 15 пайызга жакынын өз аймагына кошкон.

30-сентябрда борбор калаа Москвада өткөрүлгөн аземде Орусиянын президенти Путин менен орусиячыл делген башкаруулардын башчылары Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарынын Орусияга байланышы боюнча келишимдерге кол коюшту.



Тектеш кабарлар