Кения ГМО азыктарына уруксат берди

Кения жана анын айланасындагы өлкөлөрдө азык-түлүк кризиси уланууда.

1888750
Кения ГМО азыктарына уруксат берди

Кения өкмөтү, генетикалык жактан өзгөртүлгөн (ГМО) айыл чарба продукцияларына болгон тыюуну кургакчылыктан улам алып салды.

Министрлер кеңеши кабыл алган чечимде, мындан ары ГМО айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана импорттоого уруксат бериле тургандыгы белгиленди.

2012-жылы коюлган тыюуну алып салган чечим, кургакчылык менен күрөшүүнүн алкагында кабыл алынды.

Кения жана анын айланасындагы өлкөлөрдө кургакчылыктан улам аймактагы азык-түлүк кризиси бир нече айдан бери уланууда.

Генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдер, лабораториялык чөйрөдөгү берки өсүмдүктөр, жаныбарлар, вирустар же бактериялардан алынган гендер менен ДНКсы өзгөртүлгөн өсүмдүк же эт азыктары катары аныкталат.

 Дүйнөдө эң кеңири колдонулган ГМО өсүмдүктөрү жүгөрү, соя жана кант кызылчасы катары белгилүү.

Америкалык үрөн өндүрүүчү Monsanto компаниясын сатып алган Германиянын Байер компаниясы, дүйнөлүк рынокто ГМО үрөндөрүнүн көбүн чыгарат.



Тектеш кабарлар