НАТОго мүчө 9 өлкө билдирүү жарыялады

НАТОнун 9 өлкөсү жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Россиянын Украина жерлерин аннексиялашын тааныбагандарын билдиришти.

1887345
НАТОго мүчө 9 өлкө билдирүү жарыялады

 НАТОнун 9 өлкөсү жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Россиянын Украина жерлерин аннексиялашын тааныбагандарын билдиришти.

Чехия, Словакия, Эстония, Литва, Латвия, Түндүк Македтния, Черногория, Польша жана Румыниядан турган НАТОнун 9 өлкөсүнүн лидерлери Россиянын Украинанын 4 облусун аннексиялоо чечимин тааныбагандарын жарыялады.

Бирглешекен билдирүү жарыялаган лидерлер НАТОго мүчө өлкөлөргө Украинага берилген жардамдарды көбөйтүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Словакиянын президенти Зузана Капутова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө : «Биз Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин башчылары согуш учурунда Киевге барып, орус кол салуусунун таасирин өз көзүбүз менен көрүп күбө болгон өлкөлөр катары Россиянын эл аралык укукту ачыкча бузушуна үн катпастан тура албайбыз. Ошондуктан билдирүү жарыяладык. Украинанын эгемендүүлүгүнө жана жеринин бүтүндүгүнө карата колдообузду кайталайбыз. Россиянын Украинанын бир аймагын аннексиялоо аракетин тааныбайбыз»,- деди.

Лидерлер өзгөчө 2008 - жылы Бухарестте өткөн НАТОнун саммитинде Украинанын келечектеги НАТОго мүчөлүгү тууралуу чечимин колдой тургандыктарын билдиришти.

Жарыяланган билдирүүдө НАТОго мүчө өлкөлөргө Украинага берилген жардамдарды көбөйтүүгө чакыруу жасалды.

Мурунку күнү Россия Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын аннексиялап, Украинанын 15 пайызга жакынын өз аймагына кошкон.



Тектеш кабарлар