Түндүк Корея 2 баллистикалык ракета атты

Түндүк Кореянын Чыгыш деңизине кыска аралыкка учуучу 2 баллистикалык ракета аткандыгы билдирилди.

1887134
Түндүк Корея 2 баллистикалык ракета атты

Түндүк Кореянын Чыгыш деңизине кыска аралыкка учуучу 2 баллистикалык ракета аткандыгы билдирилди.

Түштүк Корея армиясынан берилген маалыматка караганда акыркы уатылган 2 баллистикалык ракета менен Түндүк Корея бир жумадан кыска убакыттын ичинде 4 жолу «чагымчыл» ракета атты.

Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын Сунан аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча 06:45 жана 07:03 сааттарында 2 ракета учургандыгын аныктаганын белгиледи.

Түштүк Кореянын башкы штабынын билдирүүсүндө : «Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык ракеталары бир гана Корея жарым аралында эмес,  ошол эле учурда эл аралык коомчулукта да тынчтыкка доо кетирген жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин ачык түрдө бузулушу болгон маанилүү бир чагымчылдык кыймылы»,- деп билдирилди.

Япониянын Коргоо министрлиги 29 -  сентябрда Түндүк Кореянын Япон деңизи багытына 2 баллистикалык ракета аткандыгын жарыялаган.

Киодо агенттигинин кабарына караганда АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын суу астындагы кемелерге каршы үч тараптуу машыгуу өткөрүшү күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар